Нарын шаарынын экс-мэри “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды
- 2 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык, Алмаз Кулматов “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды.
Алмаз Кулматов 1967-жылы төрөлгөн, Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Ал президенттик аппараттын этностук жана диний саясат бөлүмүнүн башчысы (2016–2017);вице-премьер-министрдин кеңешчиси (2015–2016), мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төраганын орун басары (2014–2015), Нарын шаарынын мэри (2008–2010) болуп иштеген.
Алмаз Кулматов 200дөн ашуун макалалардын жана илимий эмгектердин автору. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, үч кыздын атасы.
“Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Мырзакат Тыналиев жана “Слово Кыргызстана” гезитинин башкы редактору Тамара Слащева кызматынан бошотулган.
Сүрөт: Маданият министрлигинин басма сөз кызматы