Нарын облусунун прокуратура кызматкери жана тергөөчү пара менен кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) менен бирдикте Ички иштер министрлигинин (ИИМ)  Нарын облусу боюнча ички иликтөө кызматы Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү жана облустук прокуратура кызматкери кармалды.

Алар кылмыш иши боюнча маселени оң чечүү үчүн пара талап кылгандыгы жөнүндө маалыматтар алынган.

УКМК басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган факты боюнча тиешелүү арыздын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту, тактап айтканда ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

5-мартта 100 миң сом пара алып жаткан жеринен Нарын облусунун ИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалган.

Нарын облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору М.С. ана Нарын облусунун ИИБ Тергөө кызматынын тергөөчүсү Э.Н. козголгон кылмыш иши боюнча арыз ээсинин маселесин оң чечилиши үчүн пара талап кылгандыгы аныкталган.

 Аталган иш боюнча топтолгон далилдердин негизинде көзөмөл органынын кызматкери, ошондой эле ИИМдин кызматкери кармалып, белгиленген мөөнөттө УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты