Нарын обладминистрациясында орун басарлар алмашты
- 1 год мурун
Руслан Сапарбеков президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды. Айдана Иманалиева Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемелерге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Ал эми Адыл Сапаров президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматынан, Абдырайым уулу Шабдан президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызмат ордунан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Сүрөттө: Нарын обладминистрация имараты. gov.kg
Муну бөлүшүү




