Мындан ары күч органдары майыптарга жасалган кылмыштардын статистикасын өз алдынча жүргүзөт

  • 4 недели мурун

Үстүбүздөгү жылдан тарта күч органдары майыптыгы бар жарандарга карата жасалган кылмыштардын статистикасын өз алдынча жүргүзө баштаган. Бул тууралуу Кыргызстандын Акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиеванын билдирүүсүн Омбудсмендин расмий баракчасына жарыялашты.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын башынан бери Акыйкатчы Институту мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүлгөн үч учурга мониторинг жүргүзүп,  алардын соттук иштерине катышып, көзөмөл жүргүзүп келүүдө.

Айчүрөк Назаралиева: “Буга чейин, күч органдары мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга карата болгон кылмыштарга өзүнчө статистика жүргүзчү эмес. Ушул жылдан баштап, Акыйкатчы Институтунун кайрылуусунан кийин, мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга карата болуп жаткан кылмыштарга өзгөчө көңүл буруп, статистика жүргүзүүгө макул болушту”,- деп белгилеген.

Назаралиева майыптыгы бар аялдар жана кыздар өзүн-өзү коргоого мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен зомбулукка каршы тура алышпарын, ошондой эле алар зомбулукка кабылып калган учурда да жакындарына өз убагында айта албай, узак убакытка чейин кордук көрүп келишкен учурлар бар экенин баса белгилеген.

Ошондой эле Назаралиева 2024-жылдын төрт айынын статистикасына токтолуп, аялдарга карата зордук-зомбулук мурунку жылга салыштырмалуу дагы 20 пайызга өскөнүн билдирген. 

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты