Мыйзам бузууга шектелген айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Нарын облусунун Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл аймагында мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө кылмыш белгилерин көрсөткөн фактылар аныкталганын кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматынын эксперттик корутундусуна ылайык, 2025-жылы Ормон-Хан айыл аймагында мурдагы башчы А.Б.К.нын жетекчилиги алдында мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө  «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» жана «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдарынын талаптары бузуп, мамлекеттик бюджетке 5 699 000 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Мындан улам 31-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ормон-Хан айыл аймагынын мурдагы башчысы А.Б.К. кармалып, Нарын  шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты