Мурдагы “Эмгек резерви” “Алга” спорт комплексине айланды    

13-июнда Бишкек шаарында “Алга” спорт комплексинин  ачылыш салтанаты өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты.

Президенттин сайтында маалымдалгандай, учурунда “Эмгек резерви” деп аталган бул спорттук комплекс 1954-жылы курулуп, ошондон бери шаар тургундарына кызмат көрсөтүп келген.

Комплексти реконструкциялоонун жүрүшүндө дренаждар тазаланып, жер астындагы суулар тартылды. Жасалган иштердин натыйжасында борборубуздун түндүк бөлүгүндө жайгашып, 7,4 гектар аянтты ээлеген спорт комплекси жаштарды кабыл алууга жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө даяр.

“Бул жерде ар кыл спорт түрлөрү боюнча машыгууга, эл аралык мелдештерди өткөрүүгө, балдарды жана жаштарды тарбиялоого бардык тиешелүү заманбап шарттар түзүлгөн. Бул боюнча жогоруда көрсөтүлгөн тасмадан көрө алдыңыздар. Анда айтылгандай, спорт комплексинин аймагында FIFA-4 стандартына ылайык жасалган 3000 орундуу футбол талаасы, машыгуу аянтчалары, көп функциялуу спорттук аянтча жана воркаут-зонасы, кичи-футбол талаасы – булардын баары эл аралык деңгээлге чыгууга умтулуу экенин байкоого болот”деди мамлекет башчы.

Мындан тышкары заман талаптарына ылайык, мейманкана, ден соолукту чыңдоочу комплекс, 150дөн ашык унаа бата турган унаа токтотмосу, насостук станция, суу сактагыч жана откана да курулду.

“Ошондой эле Чоң Чүй каналынын жээги көрктөндүрүлүп, веложол, жөө кишилер үчүн жол салынып, асфальт төшөлдү. Комплекстин аймагына резина жабуусу бар чуркоо жолдору салынып, буюрса, спортчуларыбызга да жана калаа тургундарына да тиешелүү шарттар түзүлдү. деп белгиледи Жапаров.

Мурдагы “Эмгек резерви” “Алга” спорт комплексине айланды    
Мурдагы “Эмгек резерви” “Алга” спорт комплексине айланды    
Мурдагы “Эмгек резерви” “Алга” спорт комплексине айланды    
Мурдагы “Эмгек резерви” “Алга” спорт комплексине айланды    
Мурдагы “Эмгек резерви” “Алга” спорт комплексине айланды    

Ачылыш аземинен кийин “Алга” (Бишкек) жана “Барс” (Каракол) футболдук клубдарынын ортосунда Кыргызстандын премьер-лигасынын 12-турунун беттеши өтүп, ага президент да катышты.

Жолугушуу 2:1 эсебинде “Барс” командасынын пайдасына аяктады.ө

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты