Мураталы Тагаев Жети-Өгүз районунун акими болуп дайындалды
- 3 года мурун
Мураталы Тагаев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 14-мартта мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Жети-Өгүз райондук администрациясын Руслан Мейманкулов жетектеп келген.
Мураталы Тагаев 2018-2020 жылдары Жалал-Абад шаарынын мэри кызматын аркалаган.
Муну бөлүшүү