«Мурас» футбол мелдешинин байге фонду бир миллион сомду түздү

  • 2 месяца мурун

Бишкекте 25-26-майда футбол боюнча «Мурас» мелдешине 16 команда катышты. Байге фондусу 1 миллион сомду түздү.

Мелдештин экинчи күнүндө оюнга президент Садыр Жапаров «Президенттин командасы» менен катышты.

Жеңүүчү катары «Ден соолук» командасы аталып, 400 миң сом утуп алды. Экинчи орунду «Коопсуздук» командасы ээлеп, 300 миң сом байге алса, үчүнчү орунга 200 миң сом алган «Спорт чеберлери» командасы жетишти.

«Президенттин командасы» курамы төртүнчү орунду алып, 100 миң сомдук сертификат менен сыйланды.

Мындан тышкары оюндардын жыйынтыгы боюнча «Мурас-2024» мелдешиндеги мыкты дарбазачыга, мыкты чабуулчу жана мыкты оюнчуга жекече сыйлыктар тапшырылды.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.  

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты