Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча Бишкек департаменти жоюлду
- 3 недели мурун
Бишкек шаарынын мунициалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти жоюлуп, функциялары Бишкек мэриясынын борбордук аппаратына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, “мындай ыкма коррупциялык схемаларды жоюуга жана шаардык активдер менен иштөөнүн принципиалдуу жаңы системасын түзүүгө багытталган”.
“Мэрдин жеке буйругу менен муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин текшерүүсү жүргүзүлүп, анда муниципалдык мүлктү натыйжасыз пайдалануу, ижара мамилелерин түзүүдөгү көптөгөн мыйзам бузуулар, чечим кабыл алууда ачык-айкындуулуктун жоктугу, ишкерлерден жана шаар тургундарынан түшкөн даттануулар аныкталган” деп айтылат маалыматта.
Натыйжада муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти жоюлуп, анын функциялары Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына өткөрүлүп берилди.
Бул чаралар мүлктү эсепке алуунун санариптик системасын киргизүүгө, бардык бүтүмдөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, шаардык активдердин колдонулушуна болгон көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүндүк берээри белгиленди.
Сүрөттө: Бишкек мэриясы. Интернет булактарынан