Мунай зат сактоочу жайдан чыккан өрттөн төрт киши жабыркады  

Шопоков шаарында кечээ, 20-июнда, чыккан чоң өрттөн төрт киши жабыркады.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.    

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен нефтебазадагы өрт кечээ саат 19:22де толугу менен өчүрүлдү. Кечээ, 20-июнда, Шопоков шаарында темир жол бекетине жакын жайгашкан мунай базасынан чоң өрт чыкты.

Өрттү өчүрүүгө өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, (ӨКМ), Чүй облустук, Бишкек шаардык башкармалыктан жардамчыдар тартылган. Мындан сырткары, «Кыргызтемир» жол ишканасынан өрт өчүрүүчү поезд, 103 кызматынан 3 “Тез жардам” унаасы иштеди.

Өрттүн кесепетинен 4 адам жабыркап, Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилди.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты