Шопоков шаарында мунай зат сакталуучу жайдан өрт чыкты

  • 1 год мурун

Шопоков шаарында темир жолу бекетинин аймагында мунай зат сакталуучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 16:11де Сокулук райондук №23 ӨКБдан 2, Москва райондук №15 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жана Чүй облусунун башчысы жетектеген жана ККББнын ыкчам топтору тартылган.

Мындан сырткары, саат 17:00дө Ленин райондук №6 ӨКБдан кошумча 1 күжүрмөн эсеп тартылып, жеринде өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 4 бөлүм тартылды. Тилсиз жоону өчүрүүнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат берилерин аталган министрликтен билдиришти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты