Москвада КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңеши өтөт

  • 2 месяца мурун

11-13-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапарынын алкагында Москва шаарында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.

Анда айтылгандай, КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлат, экономикалык маселелер, анын ичинде транспорттук комплексти санариптик трансформациялоо, пенитенциардык кызматтар үчүн кадрларды даярдоо маселелери талкууланат. Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктар, 2025–2026-жылдарга карата КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтыгы жаатында жана башка маселелер каралат. 

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бир катар актуалдуу маселелер каралат, анын ичинде өнөр жай тармактарындагы биргелешкен кызматташуу долбоорлоруна каржылык жардам көрсөтүү, газ, мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун түзүү, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү жаатындагы маселелер каралат. Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты