Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 14-февралда Бишкекте мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомчулук өкүлдөрү, маркумдун жакындары катышты.

Молдомуса Конгантиев 12-февралда 64 жаш курагында көз жумган.

Ал 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Ички иштер органдарында 1979-жылдан тарта иштей баштаган. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин укук таануу адистиги боюнча аяктаган. Милициянын генерал-лейтенанты.

2005-жылы Бишкек милициясын, 2008-2010-жылдары ИИМди жетектеген. 2010-жылдагы өлкөдөгү коомдук-саясий окуялардан кийин кызматтан кетип, мамлекеттик жана саясий иштерге аралашкан эмес.

Конгантиевдин сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Анын 2010-жылдагы Апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени 2018-жылы ачыкка чыккан. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Иш кайра сотко өткөрүлүп, прокуратура Молдомуса Конгантиевди алты жылга камап, 100 миң сом айып пул салууну суранган. Жактоочу тарап анын күнөөсүз экенин айтып, актоону өтүнгөн. Бишкектин Биринчи май райондук соту Молдомуса Конгантиевди кайра актаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты