Автандил Конгантиев бажы кызматынын башчысынын биринчи орун басары болду
- 1 year мурун
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиев 28-июлда бажы кызматынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
Бул тууралуу буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Автандил Конгантиев 2005-жылдан бери бажы тармагында иштеп келгендиги маалымдалды.
Белгилей кетсек, Молдомуса Конгантиев 12-февралда 63 жашында каза тапкан. Ал 2005-жылы март окуяларында шалаакылыгы жана 2010-жылдагы апрель окуяларында кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы боюнча күнөөлөнгөн. 2019-жылы ал толугу менен акталган.
Сүрөт: сustoms.gov.kg
Муну бөлүшүү