​Мирлан Бакиров мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчылыгына дайындалды.

Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тастыктаганын “Кабар” агенттиги жазды.

Мирлан Бакиров 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо көп добуш алган “Мекеним Кыргызстан” партиясын жетектеп келген.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон коомчулуктун 5-6-октябрдагы толкундоосунан кийин бийлик чукул алмашкан жана парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылган. Андан кийин Жогорку Кеңештин 23-декабрдагы жыйынында төраганын орун басары Мирлан Бакиров өз каалоосу менен кызматын тапшырган.

Ал эми буга чейин иштеп келген мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Жылдызбек Исакулов февраль айында отставкага кеткен. Директордун милдетин орун басар Ишенбек Медетов аткарып келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты