МинКаб: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди орто деңгээлден төмөн эмес билүүсү керек
- 1 год мурун
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 2025-жылдан тартып мамлекеттик тилди орто деңгээлден (В1) төмөн эмес, 2027-жылдан тартып ортодон жогору деңгээлден (В2) төмөн эмес билүүсү керек.
Мындай чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Мындан тышкары, өлкөдө туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган этностук азчылыктын өкүлдөрү үчүн 2026-жылдан тартып расмий тилди базалык деңгээлден (А2) төмөн эмес, 2028-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) төмөн эмес билиши керек.
Бөлүмдү башкаруу, ишти пландоо жана координациялоо, ошондой эле консультация берүү, эл алдында презентация кылуу, чыгып сүйлөө жана расмий жазуу жүзүндөгү тексттерди даярдоо менен байланышкан кызмат адамдары жана кызматкерлер үчүн иш берүүчү мамлекеттик тилди билүүгө бул чечимде белгиленгендерге караганда кыйла жогору талап коюуга укуктуу деп аныкталды.
Кабыл алынган токтомдун максаты – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамды ишке ашыруу, ага ылайык мамлекеттик кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн тийиштүү көлөмдө билүү деңгээлдерин жана мөөнөттөрүн белгилөө.
Толук маалыматты төмөндөгү шилтеме аркылуу алууга болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




