«Кыргызстан көчөлөрүндө ким жашайт: Ынтымакпы же Ленинби?»
- 4 недели мурун
- Баяндар, Дата, Мультимедиа
Көчөлөр — шаарлардын же айылдардын жон териси сыяктуу. Алар менен күн сайын басып өтөбүз, жашайбыз, жолугушабыз, ойнойбуз, бирок алардын аталышы эмнени билдирерин көп учурда ойлонбойбуз. Ар бир көчөнүн аты — ошол элдин тарыхынын, маданиятынын, баалуулуктарынын жана доорлордун чагылышы.
Кыргызстанда 45628 көчө, чолок көчө бар. Көчөлөрдүн тизмегин Мамлекеттик каттоо кызматынын «darek.kg» сайтынан көчүрүп алдык. Биз аталыштары бар 42 миң 370 көчөнү анализдеп, алардын аталыштары кайсы тилден келгенин анализдеп чыктык. Булардын ичине долбоорлонуп жаткан, келечекте конуштар боло турган тилкелер кирген жок.
Жалал-Абадда — эң көп, Таласта аз
Кыргызстандын борбору Бишкекте 4 миң 600дөн ашык көчө бар. Бул Нарын, Баткен облустары менен салыштырганда — чоң көрсөткүч. Бирок, көчөлөрү көп регион катары Жалал-Абад облусун айтса болот. Бул аймакта он миңге жакын көчө бар. Андан кийин Ош жана Чүй облустары турат.
Бул региондорго көчөлөрдүн көп болушун калктын санынын жана айыл-шаарлардын көп болушу менен байланыштырса болот. Мисалы, Ош облусунда 1,4 млн адам жашаса, Жалал-Абад облусунда 1,3 млн адам жашайт.
“Ынтымак”, “Жаштык” жана “Ленин”
Биз Кыргызстандагы эң популярдуу көчө аттарын тизмектеп чыктык. Алардын ичинде биринчи орунда Ынтымак көчөсү турат. Өлкө аймагында мындай аталыш менен 311 көчө бар. Андан кийин Жаштык жана Достук көчөлөрү турат.
Ошондой эле, популярдуу он аталыштын ичине Манас, Келечек жана Биримдик көчөлөрү кирген. Бирок, булардан жогору Ленин көчөсү турат.
Популярдуу аттардын көбү кыргызча болгону менен, арасында орусча аталыштар да көп. Жалпысынан караганда, көчөлөрдүн 73%ы кыргызча аталган. Ал эми, 18%ы орусча аталыштарды алып жүрөт.
Мындай аталыштар Кыргызстандын бардык аймактарында бар. Ал эми, башка тилдерге келгенде, өзбекче жана тажикче аталыштар да катталган. Мисалы, Ош облусунда 293 көчө өзбекче аталышты алып жүрөт. Ал эми Бишкекте түркчө аталыштарды да кездештирсе болот. Борбордук көчөлөрдүн бири болгон Горький көчөсүнүн бир бөлүгү, Түркия мамлекети менен алаканы чыңдоо максатында, Анкара көчөсү деп өзгөртүлгөн.
Анализге алынган көчөлөрдү облустарга бөлүп караганда, эң көп орусча аталыштар Чүй облусунда. Бул жерде аты бар көчөлөрдүн дээрлик 58%ы орусча.
Орусча аталыштар: Совет доорунун изи
Орусча аталыштар Совет доорунан калгандай сезилет. Көпчүлүк көчөлөр Советтер учурундагы белгилүү инсандардын же окуялардын урматына коюлганын байкаса болот. Анткени, орусча коюлган көчөлөрдүн эң популярдуу 10 аталышын карап көрсөк, алар идеологиялык мааниге ээ же болбосо адамдын атынан коюлган.
Анализ көрсөткөндөй, Кыргызстанда көчөлөрдүн Советтик мезгилден калган идеологиялык маанидеги аталыштар көп экенин байкаса болот. Бул аттардын көптүгү — СССРдин идеологиялык мурасы алиге чейин көчө мейкиндигинде сакталып калганын далилдейт. “Ленин”, “Гагарин”, “Октябрь” сыяктуу аталыштар советтик баалуулуктарга болгон идеологиялык урматтоонун символу катары көптөгөн айыл-кыштактарда калып калган.
Деколонизация: аттарды өзгөртүш керекпи?
Кыргыз коомчулугунда акыркы жылдары деколонизация жана географиялык аталыштарды, анын ичинде район жана айылдардын аттарын өзгөртүү маселеси кызуу талкууга алынып келет. Бул — жөн эле ат өзгөртүү эмес, өзүнүн тарыхын, баалуулуктарын жана тилдик көз карандысыздыгын калыбына келтирүү аракетинин бир бөлүгү. Мисалы, 2024-жылы сентябрь айында Кыргызстандын беш облусунда айрым айылдардын аталыштары өзгөртүлгөн.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кудайберген Базарбаевдин айтымында, мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого жана айыл аймактар менен айылдарга мурда кеңири белгилүү болгон жана азыр да белгилүү аталыштарды кайтарууга багытталган.
Көчөлөргө келсек, Кыргызстанда аталыштарды өзгөртүү процесстери эгемендүүлүктү алганда активдүү жүрө баштаган. Бишкектин чоң көчөлөрүнүн бири, азыркы Иса Ахунбаев атындагы көчө мурун Октябрдын 50 жылдыгы деп аталчу. 1997-жылы Бишкек шаардык кеңештин чечими менен атын өзгөрткөн.
Азыр биз билген Жибек Жолу проспектиси бир канча аталыштарды алып жүргөн. Алгач ал Ташкент тракты болгон. 1938-жылы ал Ленин көчөсү болуп, 1960-жылдан тарта Ленин проспектисине өзгөргөн. 1974-жылдан тарта бул проспект “Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы” аталышын алып жүргөн. Ал эми 1991-жылы биз билген Жибек-Жолу деп атала баштаган.
Бирок, азыр көчө аталыштары эмес, райондордун жана айылдардын аталыштарын кыргызчалоодо көйгөйлөр жаралып жатканын көрсө болот. Мисалы, Бишкектин төрт районун кыргызча аталыштарга өзгөртүү маселеси бир канча жолу көтөрүлгөн. Бирок бул маселелер ар кандай себептерден улам ишке ашпай келет.
2022-жылдын ноябрь айында парламенттин спикери Нурланбек Тургунбек уулу Курултайда сүйлөп жатып, Бишкектин төрт районунун аталыштарын тез арада кыргызчалаш керек деген пикирин билдирген.
“Биздин өлкөдө, тилекке каршы, көпчүлүк аймактарыбызда башка тилде, башка аталышта жер-сууларыбыз бар. Биз ошолорду тез арада кыргызчалашыбыз керек. Анын бири — баш калаабыз Бишкектин төрт районун тез арада кыргызча аташыбыз керек”, — деген Нурланбек Тургунбек уулу.
Андан көп өтпөй, Орусиянын Мамлекеттик думасынын мүчөсү Светлана Журова бул сунуш туура эмес экенин айтып, Грузия менен Украинадагы жаңжалдар да тил маселесинен чыкканын билдирген. Ал өз сөзүндө бул маселе боюнча Орусиянын башчысы Владимир Путин Кыргызстан президентине эскертүү берерине ишенеерин айткан.
Орусиянын өкүлдөрү бир гана географиялык аталыштардагы маселелер боюнча эле эмес, жалпы улуттук иденттүүлүк жана кыргыз тили боюнча чечимдерге да пикирин айтып, ар кандай жолдор менен коркутуп келишет. 2023-жылы мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынганда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова бул мыйзамга пикирин билдирип, орус тили өзүнүн таасирин жоготпостугуна ишенерин айткан.
А бул маселе боюнча сиздин пикириңиз кандай? Көчө аталыштарын кыргызчалаш керекпи?