Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга иш сапары менен барды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 4-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир күндүк иш сапары менен Тажикстанга барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аны Тажикстандын премьер-министринин орун басары Зиезода Сулаймон тосуп алды.

Сапардын алкагында Кохир Расулзода менен тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөр пландаштырылган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарды камтыган кызматташуунун келечектүү багыттарын кеңейтүүгө багытталган маселелер талкууланат.

Мындан тышкары, сапардын алкагында Тажикстандын гидроэнергетика тармагындагы тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Рогун ГЭСине баруу каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты