Министрлер кабинетинин төрагасы шайлоодо добуш берди

  • 1 неделя мурун

Германияга сапары аяктап, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берди.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.

Ал өзүнүн добушун Бишкек шаарындагы № 26 жалпы билим берүүчү орто мектепте жайгашкан № 1123 шайлоо участкасында берди.

Республика боюнча 2492 шайлоо участогу болсо, ал эми өлкөдөн тышкары чет мамлекеттерде 100 шайлоо участогу ачылган.

Бүгүн, 30-ноябрда, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүүдө. Жарандар жаңы система — көп мандаттуу 30 шайлоо округу боюнча 90 депутатты шайлашат.

Шайлоочу өз округунан бир гана талапкерди белгилей алат. БШКнын маалыматында караганда, 461 талапкер шайлоого катышат. Өлкөдө 4 миллион 290 миң шайлоочу катталган. Добуш берүү үчүн 2492 шайлоо участогу ачык болот.

Добуш берүү эртең мененки саат 8:00дө башталды жана  кечки саат 20:00дө токтойт. Парламенттик шайлоого 58 өлкөдөн 788 байкоочу көз салат.

Шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 294 243 жаран киргизилген.

Бүгүн, мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо республика боюнча жалпы 2 492 шайлоо участогу, ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкасы жана чет өлкөдөгү 100 шайлоо участогу иштеп жатат.  

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты