Министрлер кабинети уюлдук телефондорду каттоодо 700 сомдон алуу талабынан баш тартты

  • 2 года мурун

Министрлер кабинети уюлдук телефондорду каттоодо ар бир аппарат үчүн 700 сомдон алуу талабынан баш тартты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Санариптик өнүгүү министрлиги даярдаган мыйзам долбоорунан жогорудагы жобо алынып салынган.

«Санариптик өнүктүрүү министрлиги айрым мыйзам актыларына (“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Ал ал уюлдук байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулган түзүлүштөрдү идентификациялоонун мурда сунушталган тартиби боюнча сын-пикирлерди эске алуу менен даярдалган. Мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан редакциясына ылайык, уюлдук түзүлүштөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулган түзүлүштөрдү каттоо лицензия берилүүчү ишмердик болуп саналбайт. Аталган ченем жеке компаниялардын атынан идентификациялык оператордун болушун жана бир аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндөгү төлөмдү жокко чыгарат», — деп жазылган өкмөт тараткан маалыматта.

Буга чейин уюлдук телефондорду каттоодо ар бир аппараттан 700 сомдон алуу сунушу коомчулукта нааразылык жараткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты