Министрдин орун басары Имангазиев Россия элчиси Вакунов менен эмгек мигранттары боюнча пикир алышты

  • 1 год мурун

Бүгүн, 23-июлда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде (ТИМ) министрдин орун басары Алмаз Имангазиев менен Кыргыз Республикасындагы Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясынын аймагында болуу маселелери боюнча кеңири пикир алышты. Өзгөчө көңүл эмгек мигранттарын Россияга жөнөтүү алдында даярдоо маселелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүдөн мурун сүрөткө тартуу, дактилоскопия жана медициналык кароодон өткөрүү жол-жоболорун өлкө ичинде уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө бурулду.

Ошондой эле Россиянын көзөмөлнөгү адамдардын реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын миграциялык абалын мыйзамдаштыруу механизмин ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Бул жагдайда кыргыз тарап Россиянын миграциялык борборлоруна кайрылуулар кескин көбөйүп, узун кезектер пайда болуп жаткандыгы үчүн ИИМдин аймактык бөлүмдөрүндө документтерди кабыл алуу үчүн кошумча терезелерди ачуу өтүнүчү менен кайрылды.

Мындан тышкары жарандардын жашаган дареги боюнча миграциялык каттоого туруу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары Россиянын билим берүү мекемелерине тапшыруу маалында орус тилин билүү деңгээли боюнча милдеттүү тест тапшыруу маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап мындай тестирлөөнү Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын мекемелеринде өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылды.

Министрдин орун басары Имангазиев Россия элчиси Вакунов менен эмгек мигранттары боюнча пикир алышты

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты