Министр Жээнбек Кулубаев АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 22-октябрда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди жана “С5+1” форматындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Кулубаев Кыргыз Республикасы Америка Кошмо Штаттары менен саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.
Кыргыз тарап америкалык инвестицияларды тартууга, АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн өлкө экономикасына катышуусун кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдирди. Анда визалык маселелер өзүнчө каралды.
Жыйынтыгында тараптар кыргыз-америка мамилелерин мындан ары тереңдетүүгө эки тараптын ынтызарлыгын ырасташты жана үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды улантууну макулдашты.
Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы




