Мэрия: Бишкекте муниципалдык автобустарда накталай акча чогултуу планы жокко чыгарылат
- 1 год мурун
Бишкек шаарынын мэриясы 2-декабрдан баштап коомдук муниципалдык транспорттун айдоочуларына накталай акча чогултуу планы жокко чыгарыларын билдирди.
Мэрия борбор калаанын жолдорундагы абал боюнча маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн автобустарга орнотулган жүргүнчүлөрдү эсептөө системасы аркылуу накталай төлөмдөрдү көзөмөлдөө иштери күчөтүлөөрүн белгиледи.
«Эгерде иш жүзүндөгү төлөм менен салыштырганда каражаттын жетишсиздиги аныкталса, айдоочуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде чара көрүлөт. Ошону менен бирге, Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда жол кире акысын накталай эмес төлөм системасы иштелип жатканын белгилейбиз»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда коомдук транспорттордун тарифтери төмөндөгүдөй:
— автобуста – 17 сом;
— кичи автобустарда – 20 сом;
— валидаторлор орнотулган автобустарда, жол кире акысын накталай төлөгөндө – 20 сом.
Кошумчалай кетсек, президент Садыр Жапаров буга чейин Бишкек шаарынынын тургундарына жана конокторуна коомдук транспорттордо жол кирени «Тулпар» картасы жана башка электрондук капчыктар аркылуу электрондук түрдө төлөөгө чакырган. Ал кайрылуусунда накталай акча менен төлөө айдоочулардын чөнтөгүнө тушүп кетип жатканын билдирип, «Эң жок дегенде ушундай жол менен болсо да уурулукту, коррупцияны жок кылганга жардам берсеңиздер болбойбу», -деген.
Сүрөт: интернет булактары




