Мергенчилер жана балыкчылар бирикмеси мыйзамсыз ээлик кылган 7га ашык жер аянты балык чарба департаментине кайтарылды  

  • 2 года мурун

Прокурордук актыны кароонун жыйынтыгы менен жогорудагы 38 млн 800 миң сомдук 7,76 га жер аянты жеке чарба жүргүзүүчү субъектинин мыйзамсыз ээлигинен Балык чарба департаментинин карамагына кайтарылды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мергенчилер жана балыкчылар бирикмеси «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалы тарабынан 2001-жылда берилип, бирок мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте катталбаган жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актынын негизинде 7,76 га жер аянтына (көлмө) мыйзамсыз ээлик кылып келгендиги аныкталган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты