«Мелисса» бороону Кариб бассейниндеги өлкөлөрдө 50гө жакын кишинин өмүрүн кыйды

  • 3 месяца мурун

Кариб бассейниндеги өлкөлөрдө “Мелисса” бороонунан кеминде 49 киши каза тапты. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди.

Маалымат боюнча, Гаитиде 40 киши каза таап, 10 киши дайынсыз болууда. Ямайкада 8 киши каза тапкан. Доминикан Республикасында бир киши көз жумган, дагы бирөө дайынсыз болууда

“Мелисса” бороону Кубада, Ямайкада жана Гаитиде катуу болуп, миңдеген адамдар электр жарыгы жок калып, эвакуация болууда.  

“Мелисса” бороону Атлантика океанындагы эң күчтүү шамал, бороондун бири. 28-октябрда Ямайкада болгон бороон бешинчи, эң күчтүү категорияда, анын ылдамдыгы саатына 295 чакырым болду.  

Кубада бороондун үчүнчү категориясы катталды. Баш калкалоочу жайларга 735 миң киши кирген.

Бороон Багам аралдарына жетип, Бермуд жарым аралынын батышына келээри күтүлүүдө.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты