Мекенди коргоочулар күнү. Мамлекет башчынын куттуктоосу

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

-Бул күндү салт болуп калгандай эле аскер кызматкерлери гана эмес, көкүрөгүндө Мекен деген аруу сезим жашаган жамы журтубуз жалпы өлкө боюнча белгилешет.

Биз бул күнү Ата Мекенин коргоодо курман болгон кыргызстандыктардын эрдиктерин даңазалап, аларды сыймыктануу менен эскеребиз. Ошондой эле азыр да өлкөбүздүн тынчтыгын, бейпилдигин сактоого дайым даяр турган ардагерлерибизге ыраазычылык билдиребиз.

Кыргызстандын бардык коргоочуларына башыбызды ийип, таазим кылабыз.

Нечендеген кылымдарды карыткан кыргыз элинин тарыхы Мекенин жоодон коргогон баатырлардын айтып бүткүс эрдиктери менен коштолот. Алар Ата Журтуна берилүү менен ак кызмат кылуунун улуу өрнөгү катары бүгүн да, келечекте да кыргыз урпактарынын жүрөгүндө жашайт, демине дем берип, күчүнө күч кошот.

Бүгүнкү күндө элибиздин улуу жетишкендиги — өлкөбүздөгү туруктуулук, тынчтык жана биримдик!

Күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жогорулатуу, аскердик техника менен курал-жарактын жаңы түрлөрүн алуу, ошондой эле аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалын жакшыртуу аркылуу Куралдуу күчтөрүбүздүн дараметин мындан ары да өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. -деп айтылат куттуктоодо.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты