“Мейкин Азия” фестивалы гала концерт менен аяктады

  • 10 месяцев мурун

Чолпон-Ата шаарында өткөн IV эл аралык “Мейкин Азия” эстрадалык музыка фестивалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, фестивалдын акыркы күнү фейерверк менен коштолуп, дүйнөлүк жылдыз Димаш Кудайберген катышкан гала-концерт менен аяктады. Бул кечке келген көрүүчүлөргө чыныгы майрамдык маанай тартууланды.

Айрыкча белгилеп кетүүчү жагдай — быйылкы фестиваль “Мейкин Азиянын” тарыхында алгачкы ирет өлкө башчыларынын катышуусунда өттү.

Президент Садыр Жапаров жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 22-июлда Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн «Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалынын концерттик программасын көрүштү.

“Мейкин Азия” эл аралык музыкалык конкурсунун гран-присинин жеңүүчүсү — румыниялык ырчы Мария-Диана Стынчуляша болду. Биринчи орунду мекендешибиз Урмат Сатыбалдиев жеңип алды.  

Экинчи орунду төмөнкү катышуучулар бөлүштү: Виталий Дроб (Беларусь), Камир (Кыргызстан), Кира Гоголадзе (Россия).

Үчүнчү орунга татыктуу деп табылган катышуучулар: Полина Тасева (Түндүк Македония), Едже Аса (Түркия), Тулкан Таджиев (Өзбекстан).

Гран-приге 8 миң доллар, биринчи орунга 6 миң доллар байге коюлду.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты