Медреселерге байкоочу камераларды орнотуу тапшырмасы берилди
- 3 месяца мурун
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы диний окуу жайларга байкоочу видекамераларды орнотуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мекеме Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ош облустук милициясы жана Ош облустук казыяты менен биргеликте Ноокат районундагы медреседе 14 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү менен аяктаган окуя боюнча диний окуу жайларынын жетекчилери менен чукул жыйын өткөргөн. Анда диний окуу жайларында Кыргызстандын Мыйзамдарынын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставтарына ылайык иш-аракеттерди жүргүзүү, аталган окуу жайларга байкоочу камераларды орнотуу, окуу сапатын арттыруу, диний окуу жайларда ички тартипти жөнгө салуу үчүн нөөмөтчү мугалимдерди дайындоо тапшырмалары берилген.
Эске салсак, 6-октябрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Мирмухамедов айыл аймагындагы медресеге дем салдырууга келген 14 жашар Ш.Ф.ны ал жакта окуган 16 жашар М.М. учтуу нерсе менен сайып жиберип, жабырлануучу каза тапкан.
Бул кылмыш иши боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде териштирүү башталганы маалым болгон.
Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы каза тапкан бала дем салдыруу үчүн медересеге үч күнгө келгенин жана бул каргашалуу окуяны иликтөө боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн кабарлаган.
Сүрөт: интернет булактары