“МедиаЖаса” конкурсунун жеңүүчүлөрү 9 жаңы медиадолбоорду ишке киргизет

  • 2 года мурун

«Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосунда Кыргызстанда жаңы медиа демилгелерди өнүктүрүү боюнча «MediaJasa» конкурсунун уюштуруучулары жеңүүчүлөрдү аныктады.

Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы билдирди.

252 катышуучунун ичинен жарым финалга чыккан 20 катышуучу интенсивдүү окушту жана медиа чөйрөсүндөгү чакырылган эксперттер жана кесипкөйлөр менен бирге иштеди.

Үч күн ичинде программанын катышуучулары тарабынан экспресс-лекциялар, мастер-класстар жана панелдик сессиялар өткөрүлдү. Мунун баары конкурсанттарды популярдуу видео үчүн контент жасоону, кызыктуу баян жазууну, журналисттик иликтөөлөр үчүн тема табууну, ошондой эле дизайн-ойлонуу, долбоордук менеджмент жана кызыктуу долбоорлорду иштеп чыгуу техникасын колдонууну үйрөтүү максатында уюштурулган.

17-19-июнда “Ала-Арча” улуттук паркында өткөн «Boost Camping 2022» көчмө окутуучу программасын үчүнчү күнү бардык 20 катышуучу өз идеяларын жана медиапродукттарын тандоо комиссиясына сунуштады.

Презентациянын жыйынтыгында 9 мыкты долбоор андан ары финансылык жана ментордук колдоо үчүн тандалып алынды. Бул долбоорлор 2022-жылдын июлунан ноябрына чейин ишке ашырылат. Сунушталгандардын ичинде конкурстун жеңүүчүлөрүн толкунданткан аялдардын укуктары, ар түрдүү региондордогу маалыматка бирдей жетүү, саламаттык сактоо, искусство жана тарых сыяктуу темалар бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты