“Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсу өткөрүлөт

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров “Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурс өткөрүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. 

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жарлыкка ылайык, ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстары (мындан ары – ар жылдык республикалык конкурстар) өткөрүлөт.

Ар жылдык республикалык конкурстар республикалык бюджеттин жана Президенттин фондунун каражаттарынын эсебинен билим берүү жана илим министрлиги тарабынан борборлоштурулуп өткөрүлөт;

 Конкурстарга төмөнкүлөр катыша алат:

  • мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдарынын предметтик мугалимдери жана башталгыч класстарынын мугалимдери, жалпы билим берүү уюмунда мугалимдик кызматта иштегендер;
  • мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары, методисттери, мугалимдер, музыкалык жетекчилер, мектепке чейинки билим берүү уюмунда жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарда иштегендер;

«Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сыйлыктарын бир эле адамга кайра ыйгарууга жол берилбейт;

ар жылдык республикалык конкурстардын жыйынтыктарын чыгаруу жана сыйлоо аземи кесиптик майрамдын – эл аралык мугалимдер күнүнүн алдында 5-октябрда өткөрүлөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты