Марлен Маматалиев баштаган делегация Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 3-июлда, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган делегация Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи менен коштошуу зыйнатына катышты.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымат жарыяланды.
Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Тегеран шаарында өтүп, Жогорку Кеңештин делегациясын азем өтүүчү жайда Ирандын парламентинин вице-спикери тосуп алды.
Аземди алып баруучу кыргыз делегациясынын келгенин жарыялагандан кийин Төрага борбордук коштошуу залында маркумдун элесине таазим этти.
Андан соң Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана жогорку лидердин үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушту.
Иш-чаранын соңунда төрага атайын китепчеге кыргыз элинин жана Жогорку Кеңештин атынан көңүл айтуу текстин жазды.
Бүгүн, 3-июлда, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Тегеран шаарында аталган өлкөнүн Ислам кеңешинин мажлисинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолугушту.
Жолугушуу Ирандын жогорку лидери Аятолла Сейед Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатынын алкагында уюштурулган.
Төрт ай мурда АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазды. Ирандын руханий башчысы Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусу тастыктаган.
86 жаштагы руханий башчы Али Хаменеинин сөөгү 28-февралда, ишемби күнү, эртең менен Тегерандагы анын резиденциясынан, урандылар алдынан табылганы айтылды. Хаменеи Иранды 1989-жылдан бери башкарып келген.
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Маалыматтарга караганда, Израил аба мейкиндигин жаап, өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы ири аскердик операция башталганын билдирди. Ал Truth социалдык тармагына жарыялаган видеосунда Кошмо Штаттар ракеталык соккуларга түздөн-түз катышып жатканын ырастады.
Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду.
Сүрөт: kenesh.kg




