Манас шаарында массалык мушташтан кийин 22 бала камакка алынды

Манас шаарында массалык мушташтан кийин 22 бала камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы билдирди.

Манас шаардык ички иштер бөлүмүнө 19-ноябрга караган түнү саат 01:00 чамасында “Спутник” кичи районунда 15-20дай топ балдардын бири-бирине таш атышып урушуп жаткандыгы боюнча билдирүү түшкөн.

Бул окуя Манас шаарынын милициясы тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, тиешелүү материалдар чогултулуп, видеоматериалдар алынган. Топтолгон материалдардын негизинде Манас  шаардык ИИБдин тергөө кызматы тарабынан окуя кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыштын бетин ыкчам ачуу максатында милиция тарабынан зарыл болгон бардык чаралар көрүлгөн.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ)дин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери менен бирге жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында массалык мушташка катышкан 23 баланын тек-жайы такталган. Алардын ичинен 22 жаран кармалып, Манас шаардык соту тарабынан бир айга камакка алынган. Ал эми бир бала ооруканада дарыланууда. Анын жоопкерчилиги ооруканадан чыккандан кийин каралат.

Бул окуя азыркы учурда, Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө жана мыйзам чегинде тергөө амалдары жүргүзүлөрү айтылды.

Сүрөт: Жалал Абад ОИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты