«Манас» аэропортун коюу туман каптап, учактар Алматы, Ташкент жана Ошко конууда

  • 2 года мурун

Бишкек шаарын каптаган коюу тумандан улам «Манас» эл аралык аэропортуна келип кончу учактар Алматы, Ташкент жана Ош шаарындагы аба майданына кондурулуп жатат. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Аэропорттон билдиришкендей, аба ырайынын начардыгынан улам Бишкекке келчү жана Бишкектен кетүүчү бир нече аба каттамы убактылуу токтотулду.

Бишкекке келип кончу учактардын үчөө Алматыдагы кошумча аэродромго, эки учак Оштогу кошумча аэродромго, бирөө Ташкенттеги кошумча аэродромго конгон.

Мындан тышкары өлкө ичиндеги каттамдар дагы кармалып жатат.

Аба каттамдары боюнча маалыматты «Манас» жана «Ош» аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот: «Манас» — 0 312 693109, «Ош» — 0 3222 90101

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты