Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол коюлду  

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сыйлангандардын арасында Кыргызбай Осмонов, Каныкей Эралиева, Сыймык Бейшекеев, Алтынай Нарбаева, Бусурман Одуракаев, Мурат Мамбетов, Чырмаш Төрөбеков, экс-депутат Алмамбет Матубраимов, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, ЖК депутаты Эльмурза Сатыбалдиев, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жана башкалар бар.

Сыйлангандардын тизмеси бул шилтемеде:

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты