Мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 19-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Маалымат менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы Гүлнара Акимбаева тааныштырды.

Мамлекетик сыйлык-наамдардын 46 түрүнөн 18 түрүн калтыруу, ошону менен бирге “Кыргыз Республикасынын жаратманы” жана “Кыргыз Республикасынын сыймыгы” ардак наамдарын киргизүү каралган. Ошондой эле коомчулуктун өтүнүчү менен “Эл мугалими”, “Кыргыз эл жазуучусу”, “Кыргыз эл акыны” ж.б.наамдарды калтыруу сунушталды.

Жыйында мындан тышкары дагы бир катар мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда колдоо тапты. Алар:- «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору, «Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө» мыйзам долбоору; «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты