Мамлекеттик оорукана жетекчилерин жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 28-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик оорукана жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.  

«Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Бахридин Шабазов, Винера Раимбачаева, Эльдар Абакиров, Айбек Маткеримов.

Мыйзам долбоорунун максаты колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү, тактап айтканда мамлекеттик жана муниципалдык медициналык мекемелердин жетекчилерин жана бөлүм башчыларын жеке клиникаларда бир убакта жумушка орноштурууга тыюу салууну киргизүү сунушталууда. Бул талаптарды аткарбаган жетекчилер жана бөлүм башчылар 10 күн аралыгында жумуштан алынууга тийиш. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты