Мамлекеттик ишмер Болот Жанузаковдун апасы Сонунбүбү Бейшеева дүйнөдөн өттү

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 13-октябрда, айылдагы карапайым, алпейим, Баатыр эне, генерал-лейтенант, мамлекеттик ишмер Болот Жанузаковдун апасы Сонунбүбү Бейшеева 95 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Бул тууралуу анын туугандары кабарлады.

Сонунбүбү Бейшеева 1929-жылы 8-мартта Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айылында туулган. Айылдык өрнөктүү, арыбас энелердин бири болгон Сонунбүбү Бейшеева жаштайынан тартып, ардактуу эс алууга чыкканга чейин колхоздо ак ниеттүүлүк менен эмгектенди. Жолдошу Чыныбай Жанузаков мектепте мугалим эле. Үй-бүлөдө алар 11 баланы татыктуу тарбиялап, эрезеге жеткирип, уядан учурду.

Сонунбүбү апа менен Чыныбай атанын уул-кыздарынын бир катары кыргыз элине жакшы таанымал — генерал-лейтенант, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Болот Жанузаков, футбол жана гандбол оюндарын өлкөгө жайылтууга өзгөчө салым кошкондордун бири, мурдагы туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын экс-биринчи орун басары  – Канат Жанузаков, небереси, мамлекеттик кызматкер Адилет Жанузаков.    

Сонунбүбү Жанузакова тарбиялаган уул-кыздардын арасында өрөөнгө, республикага таанымал педагогдор, врачтар жана башка кесип ээлери бар, Саадат, Саламат, Шарапат, Сыяпат, Шайырзат, Кайырзат, Асипа Жанузаковалар эл кызматында үзүрлүү эмгектенип, ата-энесинин үмүтүн актап келе жатышат, уулдары Урмат менен Акыйкат көз жумган.

Жанузаковдордун үй-бүлөсүнө алардын апасы, Баатыр эне Сонунбүбү Бейшееванын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтабыз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты