Мамлекеттик ички карыз көбөйөт
- 1 год мурун
2023-жылдын 31-январына карата мамлекеттик ички карыздын көлөмү 95 660,52 миллион сомду түздү, бул 1 110,39 миллион АКШ долларына же ИДПга карата 10,32%га барабар. Келечекте мамлекеттик карыздын структурасында ички карыз көбөйөт.
Финансы министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, бүгүнкү күндө жалпы мамлекеттик карыздын деңгээли белгиленген чектен бир нече пайызга төмөн катталып, карыз (тышкы+ички) ИДПга карата 52,33%ды түздү.
2022-2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына ылайык, мамлекеттик карыздын ИДПга карата максаттуу катышы 70%дан ашпашы керек. Ички карыздын жалпы мамлекеттик карызга болгон катышы бүгүнкү күндө 19,7%ды түзөт. Келечекте мамлекеттик карыздын структурасында ички карыз көбөйөт.
Финансы министрлиги мамлекеттик карыздын түзүмүндө ички карыздын басымдуулугу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө байкалып жатканын белгилейт.