Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд доллардан ашты

  • 4 месяца мурун

2023-жылдын 31-октябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 590 миң долларга (535 млрд 972,58 млн сом) жетти.

Бул тууралуу финансы министрлиги билдирди.

6 млрд 590 миң доллар мамлекеттик карыздын ичинен тышкы карыз — 4 млрд 482,43 млн доллар, ички карыз — 1 млрд 518,16 млн доллар.

Бир ай ичинде мамлекеттик карыз 13,58 млн долларга өстү. Тышкы карыз 4,15 млн долларга азайса, ички карыз 17,72 млн долларга көбөйдү.

Октябрь айынын жыйынтыгында мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 57,82%ын түздү.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-мартындагы № 70 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын төлөө үчүн депозиттик эсептер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун аткарууда, финансы министрлигинин Борбордук казынасы тышкы карызды тейлөө үчүн  № 44010011030000253 депозиттик эсебин ачкан.  Бул эсепке жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары түшөт. 2023-жылдын 20-февралына карата эсептеги калдык 31 млн 532,87 сомду түздү.

Мындан жети ай мурун «Кабар» агенттигине берген маегинде Садыр Жапаров карыз бир да мүнөт төлөнүп жатканын билдирген.

-2022-жылы 33,6 млрд сом карызды төлөдүк. Быйыл 48,6 млрд сом төлөйбүз. Алдыңкы 2024-жылга 64,7 млрд сом, 2025-жылга 75,1 млрд сом төлөө каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты