Мамлекеттик чек араны коргоодо курман болгон жоокерлердин эстелиги ачылды
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгон аскерлерге арналган айкелдин ачылыш аземине катышты.
Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчыны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка расмий адамдар коштоп жүрүштү.
Мамлекет башчы өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгондордун элесине арналып тургузулган мемориалга гүл койду. Мындан кийин чогулгандар куран окушту.
Соңунда Садыр Жапаров баатырлардын туугандары менен баарлашып, алардын эрдиги кыргыз элинин эсинде түбөлүккө каларын белгиледи.



Сүрөттөр: president.kg
Муну бөлүшүү




