Мамлекет башчы улуттук онкология борборуна барды

  • 1 год мурун

Бүгүн президент Жапаров Бишкек шаарындагы улуттук онкология жана гематология борбору менен эне жана баланы коргоо улуттук борборуна да пландан тышкары барды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасында билдирди.  

Мамлекет башчысы ооруканадагы палаталардын, дарылоо бөлмөлөрүнүн жана башка инфратүзүмдөрүнүн абалы менен таанышты. Садыр Жапаров ооруканалардагы бейтаптар менен баарлашып, аталган медициналык мекемелердеги дарылануу шарттарынан да кабар алды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчилиги менен онкологиялык бейтаптарга бекер кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Президент Жапаров ошондой эле балдардын эң ыңгайлуу шартта дарылануусу үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы шарттарды жакшыртууну, балдар үчүн дары-дармектин тартыштыгына жол бербөөнү тапшырды.

Бүгүн президент Жапаров Бишкек шаарындагы улуттук онкология жана гематология борбору менен эне жана баланы коргоо улуттук борборуна да пландан тышкары барды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасында билдирди.  

Мамлекет башчы ооруканадагы палаталардын, дарылоо бөлмөлөрүнүн жана башка инфра түзүмдөрүнүн абалы менен таанышты. Садыр Жапаров ооруканалардагы бейтаптар менен баарлашып, аталган медициналык мекемелердеги дарылануу шарттарынан да кабар алды.

Мамлекет башчы саламаттык сактоо министри Гүлнара Батырова жана улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчилиги менен онкологиялык бейтаптарга акысыз кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты