“Макмалалтын” комбинатынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду
- 1 жыл мурун
Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун (ААК) “Макмал алтын” комбинаты филиалында текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө “Макмал алтын” комбинаты филиалынын жана «Кыргызалтын-курулуш» филиалынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан жалпы 2 млн 143 миң 686 сомдук материалдык баалуулуктар жок кылынгандыгы аныкталган.
Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү