Майыптыгы бар адамдар кебектен эко-идиштерди жасамакчы  

  • 2 месяца мурун

Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар дандын кебегинен бир жолу колдонулуучу эко-идиштерди жасашмакчы.

Бул тууралуу “Назик кыз” коомдук фонду социалдык тармакта билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, Enactus KEU командасы New Age фонду жана «Назик кыз» коомдук фонду менен бирге дандын кебегинен идиш жасоону үйрөтүшүүдө.  

Сабактар Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде өтүп, ага катышкандар бул эко-продукциянын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билип, өздөрү да бул багытта алгачкы кадамдарын жасап көрүштү.  

Долбоордун максаты — майыптыгы бар адамдарга эко-идиштерди – тарелка жана стакан жасоону үйрөтүү. Ыктыярчылар борбор шаардын ири соода түйүндөрү, туристтик кызматтары менен экологиялык идишти жеткирүү боюнча сүйлөштү. Мында кирешенин 70 %ын майыптыгы бар адамдар алса, 30%ын Enactus KEU ыктыярчылары алат.

Кебектен жасалган эко-идиштин артыкчылыгы, аны пайдалангандан кийин майдалап туруп, жаныбарларга, канаттууларга жем катары берсе болот.

Майыптыгы бар адамдар кебектен эко-идиштерди жасамакчы  
Майыптыгы бар адамдар кебектен эко-идиштерди жасамакчы  
Майыптыгы бар адамдар кебектен эко-идиштерди жасамакчы  

Сүрөттөр: «Назик кыз» коомдук фонду

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты