Маалыматтык саясат кызмат жетекчиси АКШ элчиси менен жолугушту. Эмне тууралуу сөз болду?  

  • 1 год мурун

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маалымат тармагындагы эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде сөз эркиндигин жана массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүүнү талкуулады. 

Орунбеков кыргыз тараптын сөз эркиндигин жана демократиялык коомдун принциптерин коргоого берилгендигин ырастады.  

Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси көз карандысыз ЖМКлардын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи. 

Өз кезегинде элчи Вигери Лесли эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.  

Ал Кыргыз Республикасы сөз эркиндигин коргоо принциптерин карманган жана күчтүү жарандык коомду жактаган өлкө катары кала берээрин канааттануу менен белгиледи. 

«Азаттык» радиосунун айланасындагы кырдаалды талкуулап, анын көз карандысыз журналистиканын өнүгүшүндөгү өзгөчө ролун белгилешти.  

Жолугушуунун соңунда тараптар тажрыйба алмашуу жана мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын кызматкерлерин окутуу багытында кызматташууну мындан ары улантууну талкуулашты.

Былтыр 26-октябрда, Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарган. Январь айында аны белгисиз мөөнөткө узарткан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштей баштаган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга негиздеген.

31-октябрда «Азаттык Медиа» мекемесинин «Демирбанктагы» эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн..

Сүрөт: Маалыматтык саясат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты