Мөңгүгө зыян келтирген «Кыргызкөмүрдүн» түштүк филиалынын мурдагы жетекчиси кармалганы айтылды

  • 2 месяца мурун

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын мурдагы жетекчиси Ж.М.Ш. кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бүгүн, 6-декабрда билдирди.

Ал мөңгүнү талкалоо жолу менен, ошондой эле компетенттүү органдар менен макулдашпастан Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Загара-2» кенине автожол курууну баштаганы белгилүү болду.

«Кыргызкөмүрдүн» түштүк филиалынын жетекчилиги «Кыргызгипрозем» мамлекеттик ишканасынын дарегине пландалган жол куруу багыты боюнча координаталык чекиттерди көрсөтүү менен жер жөнүндө түшүндүрмө алуу үчүн кайрылганы аныкталган. Анда №№375, 456, жана 44 мөңгүлөр жайгашкан суралган контурлар боюнча жооп алынган»,- деп айтылат маалыматта.

Маалыматта айтылгандай, «Загара-2» кенинде мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун бекитүү жана алуу үчүн «Кыргызкөмүр» Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Ош аймактык башкармалыгынын дарегине бир нече жолу кайрылган. Ал эми Ош аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгы мөңгүлөрдүн жана мореналардын жайгашкан жерине байланыштуу мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун макулдашуудан баш тарткан.

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 14 978 480 сомдук экологиялык зыян (мөңгүлөр, асылдуу топурак, токой жерлери) боюнча корутунду алынган»,- деп билдирди УКМК.

Натыйжада аталган экс-жетекчиге Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Иш жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу» беренелеринин негизинде айып тагылып, убактылуу кармоочу жайга камалган.

Учурда бул кылмыштын бардык жагдайлары такталып, ага тиешеси бар адардарды аныктоо иштер жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты