Өлкөдө турак-жай алуу кезегине 40 миңден ашуун жаран катталган
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 16-декабрда, президент Садыр Жапаров Бишкекте мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак-жай комплексинин ачылыш аземине катышты.
Президент республика боюнча турак-жай алуу кезегине 40 миңден ашуун жаран катталганын белгиледи.
Садыр Жапаров Константин Скрябин көчөсүндөгү 7 блоктон турган бул көп кабаттуу турак-жай комплекси 2023-жылы салына башталганын айтты. Анын ар бири 15 кабаттан болуп, жалпысы 549 батир курулду. Бул батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жана ошондой эле курулушка 50% үлүш кошуу шарты менен кирген мигранттарга жана башка жарандарга берилмекчи. Ал 50% өлчөмүндөгү алдын ала төлөмдөр кезекте турган кийинки жарандарга турак-жай курууну тездетүүгө бир топ эле көмөкчү болорун эскерте кетти.
Сүрөт: president.kg