Өлкөдө “Айымдардын ден соолугу” бир айлыгы өтүүдө

  • 3 недели мурун

Саламаттык сактоо министрлиги 1-октябрдан тартып өлкө боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү «Айымдардын ден соолугу» бир айлыгынын башталышын жарыялады.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бир айлыктын максаты – 18 жаштан жогору аялдарды жугуштуу эмес оорулар боюнча консультация алуу үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине кайрылууга үндөө. Демилге «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоору тарабынан колдоого алынууда. 

Акыркы төрт жылдын ичинде, 2020-жылдан 2023-жылга чейин, 15 миңден ашуун аял кант диабети диагнозу менен каттоого алынган, ал эми 45 миң аялда биринчи жолу гипертония аныкталган. Мындан тышкары, эмчек безинин рагы жана жатын моюнчасынын рагы аялдардын арасында рак ооруларынын негизги өлүм себептеринин бири бойдон калууда.

Октябрь айында аялдар акысыз кан басымын өлчөтүп, жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабетинин өнүгүү тобокелдигин аныктап, кандагы холестерин менен канттын деңгээлин текшертип, жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу жана дарылоо боюнча кеңештерди ала алышат. Бул үчүн алар жашаган жериндеги баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелериндеги үй-бүлөлүк дарыгерге же медайымга кайрыла алышат. 

Жугуштуу эмес оорулар, айрыкча жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабети, Кыргызстандагы аялдар арасында кеңири таралган. Өткөн жылы октябрь айында үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 400 миңден ашуун аял алдын алуу текшерүүдөн өтүп, алардын ичинен 103 миңден ашууну (26%) жогорку тобокелдикке киргендер катары катталган. 

“Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу жана алдын алуу” долбоору Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланат.

Долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыган Ал эми азыр, долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барууда.

Иллюстрациялык сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты