Бишкекте таштандыны жер алдына сактоо долбоору сунушталды
- 1 год мурун
Бишкекте Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде таштандыны жер астындагы сактоочу жайдын долбоору сунушталды.
Бул тууралуу борбор шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара “Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды чыгарууну башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Аянтча 2 таштанды контейнери менен жабдылган.
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын тендерине ылайык, долбоорду Түркиянын «Интернэшнл Консалтинг агенттиги» компаниясы ишке ашырууда.
Муну бөлүшүү