Өлкөдө аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаашы күтүлөт

  • 5 месяцев мурун

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Синоптиктердин маалыматына караганда, 9-12-декабрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Бул күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

9-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт.

-Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, түндүгүндө -8…-13°,  күндүз 0…-5° суук;

— Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук;

— Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 сууктан…+2 жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу;

-Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектерде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8° суук,

-Тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -5…-10° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты