Өлкөдө 19-июлга чейин аба ырайы ысык болот  

  • 10 месяцев мурун

Өлкөдө 17-19-июль күндөрү ысык аба-ырайы сакталып, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38° болот.

18-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча абанын температурасы:

Чүй облусунда  түнкүсүн 18…23, күндүз 35…40;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 26…31;

Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 34…39;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 35…40;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36;

Нарын облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36 градус ысыйт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температутурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 37…39 ысык градус болот.

Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты